
Кыргызстанда бир жолку колдонуучу медициналык шприцтерди ондуруучу жападан жалгыз ата мекендик өндүрүштук ишкана. Азыркы учурда «Компания МЕДИМПЭКС» жоопкерчилиги чектелген коому үчдеталдуу ийне саюучу шприцтерди өндүрүп, акырындык менен өндүрүштүн көлөмүн жогорулатууда.
Ата мекендик рынокко 2015-жылда киргенден бери карай, биздин ишкана туруктуу өнүгүп келе жатат. Өндүрүш 2015-жылдын октябрь айында ишке киргизилип, жылдан жылга ассортименттик линейка гана эмес, сатып алуу георафиясы да кеңейүүдө. «Компания МЕДИМПЭКС» жоопкерчилиги чектелген коому өзүнүн өндүрүмүн Россия Федерациясынан алынып келинген сапаттуу сырьеден (полипропиленден) даярдайт.
Азыркы убакта «Компания МЕДИМПЭКС» жоопкерчилиги чектелген коому 2,5 мл.гр., 5 мл.гр., 10 мл.гр., 20 мл.гр., көлөмдүү үчдеталдуу иньекциялык жана 5 мл.гр. инсулиндик шприцтерди өндүрөт.
Баардык каражаттар стерилдөөдөн (окись этилен С2Н4О) өтөт, апоригендүү, уулуу эмес. Ишкананын өндүрүмү ГОСТ 24861-2005 сериясына ылайык келет. Баардык талап кылынуучу лабороториялык текшерүүлөр жана анализдер мамлекеттик лабороторияларда өткөрүлөт.